COVID-19. Дагы 50 медициналык кызматкер вирус жуктурду

10:48, 06 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 4, Ош шаарында — 7, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 6, Баткен облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5 жаңы учур.

Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 1 миң 147 учур катталды, алардын ичинен 503 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.