Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева көз жумду. Алдын ала маалыматтарга караганда ал, кечээ, 5-июлда коронавирус илдетинен улам каза болгон.
«Кыргыз маданияты жана журналистика чөйрөсү, «Азаттык» радиосу орду толгус жоготууга учурады. 5-июлда журналист Бүбүкан Досалиева күтүүсүз оорудан улам 62 жашында дүйнө салды», — деп билдиришти кесиптештери.
Бүбүкан Досалиева саясий илимдеринин кандидаты болгон. Буга чейин КТРК жана «Сары-Өзөн Чүй» телекомпанияларында эмгектенген.
24.kg агенттигинин жалпы жамааты Бүбүкан Досалиеванын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.