Бишкекке Дубайдан атайын каттам менен Кыргызстандын жарандары келишти

15:53, 03 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен 191 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, рейстин бардык жарандары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты.