COVID-19. Пневмония менен ооруканада 1 миң 724 адам дарыланууда

10:37, 03 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Пневмония менен ооруканада 1 миң 724 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 112 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 337 адам оор абалда.

Пневмониядан каза болгондордун саны — 120.

Акыркы күндөрү пневмония менен ооруканага 2 миң 508 түшүп, алардын 664тү айыгып чыккан.