10:18, 03 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болуп, жалпы саны 76ны түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, Бишкекте Кыргыз-Түрк достук ооруканасында дарыланып жаткан 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 54 жаштагы эркек киши көз жумду.
Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы медик айым набыт болду.
Чүй облусунда Ысык-Ата аймактык ооруканасында 5 бейтап кайтыш болду. Алардын үчөө 64,66,80 жаштагы эркек кишилер, экөө 62,63 жаштагы аял.