18:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Дагы 73 медициналык кызматкер вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында — 32, Чүй облусунда — 20, Ош шаарында — 7, Ош облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 1 медик ооруп жатат.

Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума