Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленди

09:49, 03 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

«Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын», — деп жазылат жарлыкта.

Эске сала кетсек, буга чейин шайлоонун өтүү убактысы өлкөдөгү абалга байланыштуу кайсы убакта өтөөрү белгисиз болуп келген.