Чүй облусундагы «Сейил» жаратылыш паркында кургак чөп күйүп кетти

18:24, 02 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусундагы "Сейил" жаратылыш паркында кургак чөп күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдин пресс-кызматы кабарлады.

Өрт өчүрүү кызматына саат 14:47де маалымат келип түшкөн. Өрт саат 16.17де өчүрүлдү, учурда өрттүн майда калдыктарын өчүрүү иштери жүрүп жатат.