COVID-19. Төрт киши вирустан набыт болду

10:22, 02 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде айтылды.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан — 71 жаштагы, Ноокат аймактык ооруканасынан — 70 жаштагы бейтап көз жумду.

Ал эми Кочкор аймактык ооруканасында 69 жана 56 жаштагы бейтаптар набыт болушту.

Жалпы каза болгондордун саны 66 кишини түздү.