Бишкек шаарындагы ооруканаларда орун жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо агенттигинен билдиришти.
Социалдык тармакта № 1 оорукана эс-учун жоготкон бейтаптарды дагы кабыл албай жаткан видео жарыяланган.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эртең менен эле № 1 оорукана пневмония менен кайрылгандарга толгонун айткан. Ал Урология борборунда 17 бош керебет бар экенин белгилеген.
«Учурда орундар толду. Азыр бейтаптарды «Семетей» обсервациясы гана кабыл алат», — дейт министрлик.
Белгилей кетсек, «Манас» аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациясы жеңил жана орто абалдагы бейтаптарга ылайыкташтырылган.
Ал эми коронавирус аныкталгандарды Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы жана Республикалык инфекциялык клиника кабыл алат.