15:48, 01 июля 2020, Бишкек - 24.kg
COVID-19 илдети менен күрөшкө жогорку жана орто билимдүү медициналык кызматкерлерди ыктыярдуу түрдө мобилизациялоо зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандагы дарыгерлердин кайрылуусунда айтылат.
Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине медик-волонтерлордун кыймылын түзүүнү сунуштайт.
«Республикалык штаб эл аралык медициналык коомчулук менен сүйлөшүп, коронавирус менен күрөшкө тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуусу керек», — дейт медиктер.
Инфекциялык бөлүмдөрдө иштеген медкызматкерлер үчүн онлайн окутууларды жүргүзүү сунушталууда.
«Коомчулукту жамааттык, үй-бүлөлүк иш-чараларды азайтып, санитардык талаптарды кармоого чакырабыз», — дейт дарыгерлер.