Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык ооруканасында 57 жана 67 жаштагы эркек киши кайтыш болду.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 60 жаштагы эркек, Чүй облусунун Москва аймактык ооруканасында — 70 жаштагы эркек Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан — 72 жаштагы аял набыт болду.
Жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.