«Хизб ут-Тахрир» уюмунуна мүчө болгон аялдар кармалды

09:56, 01 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматта алты аял экстрмисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгондугу айтылат.

«Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирди» пропагандалоого багытталган материалдарды камтыган планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталары жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, «Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган