Бишкекте айрым троллейбустук линиялар убактылуу токтотулат

09:39, 01 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкекте № 5, № 11, № 14 троллейбустарынын каттамы жүрбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Манас кең көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жеңил унаа троллейбустук түркүктү сүзүп кеткен.
 
Учурда окуя болгон жерде түркүктү оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым троллейбустук каттамдар токтотулду.