05:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто вирус жуктурган дарыгер кайтыш болду

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Жамал Тазабекова кайтыш болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жамал Тазабекова кызматын аткарып жүрүп вирус жуктуруп алган.

«Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Коронавирустан Кыргызстанда 57 киши набыт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума