Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Маалыматка караганда, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканасында 55 жана 76 жаштагы эки эркек көз жумду. № 2 Клиникалык төрөт үйүндө 27 жаштагы аял, Кыргыз-Түрк-достук ооруканасында 53 жаштагы эркек киши кайтыш болушту.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан — 70 жана 49 жаштагы аялдар, Жайыл аймактык ооруканасынан 44 жаштагы киши набыт болду.
Жалпы каза болгондордун саны 57 кишини түздү.