18:04, 29 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Коронавирус жуктургандар үчүн өлкө боюнча 2 миң 156 орун даярдалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын 767и Бишкек шаарында жайгашкан. Учурда вирус жуктурган 716 дарыланууда. Анын 306сы Бишкек шаарында. Демек ордо каалада бош 361 орун бар.
Андан тышкары, анализи такталбай, бирок, пневмония болгондор үчүн Бишкек шаарында 761 койко-орун даярдалган. Улуттук фтизиатрия борборунун базасында — 38, Темир жол ооруканасында — 40, Улуттук хирургия борборунда — 13, Улуттук госпиталда — 270, Курортология институтунда — 120, № 1 Шаардык клиникалык ооруканасында — 80, «Ганси» обсерваторунда — 200.