17:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бишкекте 54, Ошто 61 жаштагы вирус жуктурган бейтап кайтыш болду

Өткөн сутка ичинде үч бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 1966-жылы төрөлгөн 1 аял каза тапты.

«Ал аял оор абалда ооруканага түшкөн. Вирус жуктуруп алган. Андан башка дагы илдеттери болгон», — дейт ал.

Ош шаардык клиникалык ооруканасында 1953-жылкы, Ош гуманитардык университетинин клиникасынан 1959-жылы төрөлгөн эркек киши көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 50 кишини түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар