COVID-19. Бир суткада 269 адамдан вирус аныкталды

10:10, 29 июня 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылдын 29-июнуна карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 269 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир суткада Бишкек шаарында — 138, Чүй облусунда — 43, Ош шаарында — 23, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 26, Ысык-Көл облусунда — 16, Талас облусунда — 9, Баткен облусунда — 4 кишиден аныкталды.

Вирус жуктургандардын саны өлкө боюнча — 5 миң 17.