07:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт: Вирус жуктургандарды кабыл алуу үчүн дагы 929 бош орун бар

Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезексиз өткөн отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 929 бош орун бар. Жалпысынан медициналык мекемелерде коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн 1 миң 976 орун даярдалды.

«Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Бирок акыркы учурда бейтаптын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында — 600 орун даяр, «Ак-Кеме» мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде орундар даярдалды. Ошондой эле өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адамды түзөт. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар