Экс-президенттин энеси 95 жашында дүйнө салды

09:13, 29 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова кайтыш болду. 

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

24.kg агенттиги Роза Отунбаевага көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.