13:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус тастыкталды

Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Өлкө башчысынын аппаратындагы эки кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталгандан кийин калгандар дагы анализ тапшырышты. Алардын сегизөөнүн анализи ырасталды.

Штабдын маалыматында, алардын илдет белгилери жок. Андыктан, үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбековдон вирус табылган жок. Ал үч күн обочолонууда болот. 

Эң көп окулган жаңылыктар