13:43, 26 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Штабдын маалыматында, алардын илдет белгилери жок. Андыктан, үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.
Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбековдон вирус табылган жок. Ал үч күн обочолонууда болот.