11:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дене табым көтөрүлдү — бул коронавирус эмеспи? Эң көп берилүүчү суроолор

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны күн сайын көбөйүп бара жатат. Бир сутка ичинде 200дөн ашуун жаңы учур катталууда. Аны менен катар адаттагыдай, жай айында башталуучу вирустар дагы күч алды: тамак-ашка уулануу,  ичеги инфекциялары. Анын үстүнө бул оорулардын белгилери окшош: дене табы көтөрүлөт, баш ооруйт жана чыйрыктырат.

Мындан улам кыргызстандыктарда коронавирус жуктуруп алган жокмунбу деген шек менен ыкчам кызматтардарга телефон чалуулар көбөйдү. 

Байланышта болуңуз

118 ыкчам кыска номуруна чалып көрүңүз. Операторлор илдеттин белгилери боюнча айтып, кеңеш берет. 118 сурап-билүү кыска номуруна бир күндө 300-400го жакын адам байланышка чыгат. Ар бир чалууну тейлеш үчүн 15-20 мүнөт кетет. Калктын миллиондогон катмарын тейлөө үчүн буга чейин төрт эле кызматкер иш алып барып келген. Учурда чалуулар беш эсеге көбөйдү. Кызмат өтөгөн ыктыярчылардын саны 20га жетти.

Адистер белгилегендей, айрым адамдар коронавирус боюнча эмес башка маселе менен байланышка чыгып алышып, операторлордун убакыттарын алышат.

Байланышка чыккандардын дээрлик 60 пайызы коронавируска тиешеси жок суроолор менен кайрылат.

Республикалык штаб суроолорго жооп алуу үчүн 112 номурун колдонууну суранат. Бул өзгөчө кырдаалдан кантип коргонуу керектигин жана коопсуздук чараларын көрүү тууралуу байланышка чыгуучу булак экендиги баарыбызга маалым.

Дене табым көтөрүлдү - бул коронавиурс эмеспи?

Уюлдук компаниялардын биринде PR-кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген Марина Кимде коронавирус аныкталган. Ал дене табынын жогорулашы коронавирустун көрсөткүчү эмес деген ойдо. Анын айтымында, адамдардын баш оорусу, дене табы көтөрүлүүсү жана жыт сезбей калышы чанда гана кездешет. Мындай белгилер коронавируска карата тест алганга чейин байкалат. Тесттин жыйынтыгы качан гана терс чыкканда белгилер жоголуп кетет.

Бүгүнкү кырдаал адамдардын аң сезимине терс таасирин тийгизип, кооптонууга түртүп, стресске дуушар кылууда.

Андыктан дарыгерлер, вирустун симптомдорун так билип, башка оорулар менен адаштырбай, тынчтанууга чакырат.

Учурда грипп жок болгону менен, балким сизге суук тийип калгандыр. Лор-врач Владимир Пактын айтымында, жайында көбүнчө аба муздаткычтын айынан суук тийгизип алышат. Жайкысын ысык абадан дароо муздакка өтүүнү, же болбосо сырттан ысып келип, аба муздаткычка урунууну адам баласынын организми көтөрө албайт. Дененин чыңалуу функциясы аба температурасынын өйдө-ылдый болуусунан улам кыйналып калат. Мындай шартта иммунитет системасынын коргонуу функциясы дароо түшүп кетет.

Ичеги инфекциялары да дал ушул суукка урунуу оорусундай эле башталаары эч ким үчүн сыр эмес: тамак ооруу, дене таптын орточо басымы 37,5ке жетүүсү. Негизинен оорунун алгачкы белгилери өтө ыкчамдуу түрдө пайда болот: ооруну козгоочу микроб 6 сааттан 48 саатка чейин организмиңизге жетет, андан соң адам өзүн жаман сезе баштайт. Соңку саатта эмне жедиңиз жана ким менен байланышта болдуңуз, оорулууларды кездештирген жок белеңиз? Уулануунун себептерин издеп көрүңүз: козу карынбы, дары-дармекпи же бузулган азык-түлүкпү? Тамактанаар алдында колуңуздү жуудуңуз беле?

COVID-19 вирусунун белгилери

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын көбүнөн байкалган белгилер — дене табынын көтөрүлүшү, кургак жөтөл жана шалдыроо.

Анткен менен симптомдор түрлүү болушу мүмкүн. Бирөөлөрдүн тамагы ооруп башталса, башкаларда: баш оору, ич өтүү, көздүн чылпакташы, жыт сезүүсү начарлоо, денесине кызамык чыгуусу, колу-буттарынын тырмактарынын агаруусу.

Илдетти оор көтөргөндөрдө, өзгөчө 60тан ашкан улгайган адамдар аба жетпей, оор дем алып калышат. Андай бейтаптардын көкүрөгү кысылып, өзүн оор сезип, сүйлөө жөндөмү, же кыймыл-аракеттери начарлап калганын байкоого болот.

Бишкектиктердин айтымында, мобилдик топ инфекциянын оор түрү байкалгандарга гана үйүнө жардамга барып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы, дене табы 38 градустан өткөндөргө мобилдик топту чакырууну сунуштаган. Ага чейин үйдөн дарыланып, 118 кызматы жана өз аймагыңыздагы үй-бүлөлүк дарыгер менен такай байланышта болуп туруңуз. Абалыңыз заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз. Андыктан, керектүү номурларды жаттап алган оң.

Белгилей кетсек, мобилдик топ үйдөн келип, анализ алып кетет. Анын жыйынтыгын сизге жергиликтүү бейтапкана жеткирет. Ал арада сиз үйдөн чыкпай, коомдон обочо болушуңуз шарт.

Коронавирусту кайдан жугузуп алганымды кантип билсем болот?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюуму белгилегендей, вирустун белгилери жуктуруп алгандан кийин 5-6 күндөн кийин билинет. Айрымдарыкы 14 күнгө чейин барышы мүмкүн. Тилекке каршы жарандар кайда баргандарын күндөлүккө жазып койбойт. Баарын эстеп калуу оңой эмес.

Республикалык штабдын берген маалыматы боюнча, медициналык кызматкерлер күн сайын Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жугузган жерин тактай албай убара. Жарандар дүйнөнү каптаган бул вирустун кооптуу экендигин жон териси менен сезип турса дагы, вирусту жайылтуу чынжырчасына айланууда.

Коронавируска чалдыккандардын 40 пайызы кайдан жуктуруп алганын билбейт.

Алар кайсы базарда, коомдук жайда жүргөнү дагы белгисиз. Коргонуу иретинде социалдык аралыкты сактанган эч ким жок, бет капты ооз-мурунга эмес ээгине кийгизүү үчүн тагынышат.

Эң көп окулган жаңылыктар