COVID-19. Вирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 669га жетти

10:16, 26 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында – 7,  Ош шаарында – 3,  Ош облусунда – 1,  Чүй облусунда – 9,  Талас облусунда – 1 медициналык кызматкер вирус жуктурду. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Саламаттыкты сактоо министринин маалыматында, бүгүнкү күндө вирус жуктуруп алган 41 медикке компенсация төлөнүп берилди.