Кремль менен Бишкек президенттердин жолугушуусун тактай албай убара

09:51, 26 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков кайра 30-июнда Россияга барышы ыктымал. Бул тууралууу өлкө башчысынын пресс-катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Иш сапар Улуу Ата-Мекендик Согуштун 75-жылдыгына карата болот. Сооронбай Жээнбеков Россиянын Ржев шаарына барат.

«Ржев шаарына болгон иш сапардын алкагында согуш жылдарында курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган эстеликти ачуу пландаштырылган. Бул иш сапардын болор-болбостугу Кыргызстан менен Орусиядагы мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды», — деп билдирди Толгонай Стамалиева.

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өткөн Жеңиш парадына барып, бирок аны коштоп барган эки кишиден коронавирус чыккандыктан иш-чарага катыша алган эмес.

Ал күнү Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча дагы маалымат жарыяланган жок.

Сооронбай Жээнбеков Бишкекке кайтып келип, кайра анализ тапшырып, бирок вирус жуктурбаганы аныкталды. Ооругандар менен байланышта болгондуктан 3 күн обочолонуп турат.

Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков кайра эле Россияга барып, Владимир Путин менен жолугушаары боюнча маалымат таркатты. Бул билдирүүнү Кремль таң калуу менен кабыл алып, «РИА Новости» агенттиги орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия президенти Владимир Путиндин 30-июнда Ржев шаарында жолугушуусу планда жок экенин жазды.