Саламаттыкты сактоо министрлиги ПЦР тесттердин сапаты боюнча суроого жооп берди

16:52, 25 июня 2020, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Коронавирус инфекциясын аныктоочу ПЦР тесттер сапаттуу. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

Анын айтымында, ПЦР тесттин жыйынтыгы вирусту жуктурган убакытта көз-каранды.

«Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 кун изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», - дейт Мадамин Каратаев.