16:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Лейлекте ок атуучу куралдардын шаймандары табылды

Лейлек районунун Сумбула айылынын 31 жаштагы Ж.Б. аттуу жарандын үйүнөн ок атуучу куралдардын шаймандары табылды. Бул тууралуу Лейлек ОИИБнин басма соз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шаймандар менен биргебир даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атучу курал табылган.

«Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын 31жаштагы Ж.Б.нын жашаган турак үйүнө тинтүүгө барган учурда автоматтын, сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдардын октору, тетиктери, бөлүктөрү, бычактар, окторду жасоочу каражаттар, ошондой эле 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды», — деп берилет маалыматта.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин «253-куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча катталды. Учурда табылган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар