Бир сутка ичинде 19 дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалым болгондой, коронавируска чалдыккан дарыгерлердин көбү Бишкекте.
Бишкек шаарында-13, Ош шаарында-3, Ош облусунда-1, Баткен облусунда-1, Талас облусунда-1 жаңы учур.
Ал эми ооруканадан бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер чыгарылды.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны-648ге жетти, алардын ичинен 396сы ооруканадан чыгарылды.