Бир сутка ичинде 19 дарыгерден коронавирус аныкталды

10:15, 25 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде 19 дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалым болгондой, коронавируска чалдыккан дарыгерлердин көбү Бишкекте.

Бишкек шаарында-13, Ош шаарында-3, Ош облусунда-1, Баткен облусунда-1, Талас облусунда-1 жаңы учур.

Ал эми ооруканадан бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер чыгарылды.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны-648ге жетти, алардын ичинен 396сы ооруканадан чыгарылды.