COVID-19. Жалал-Абадда вирустан 49 жаштагы аял кайтыш болду

10:11, 25 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир сутка ичинде вирус жуктурган бир адам каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалым болгондой, каза болгон аял 1971-жылы туулган.

«COVID-19 вирусунан Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 1971-жылы туулган аял каза болду», — дейт Мадамин Каратаев.

Кыргызстан боюнча коронавирустун айынан 43 адам көз жумду.