COVID-19. Бир суткада 228 киши вирус жуктурду

10:07, 25 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир сутка ичинде вирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалым болгондой, коронавирус аныкталгандардын көбү Бишкеке шаарында.

Бишкек шаары-113, Чүй облусу-24, Ош шаары-32, Ош облусу-31, Нарын облусу-1, Жалал-Абад облусу-10, Ысык-Көл облусу-12, Талас рблусу-3, Баткен облусу-2.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 954кө жетти.