Кыргызстанда жөө күлүк Нарындан Бишкекке чейин беш күн бою чуркап келди

09:37, 25 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 45 жаштагы Оболбек Осмонбеков ультрамарафондо чуркады. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Фото

Белгилүү болгондой, Жөө жүрүш 19-июнда Нарын облусунун Талды-Суу айылынан башталып, бир күн мурун Бишкекте аяктаган. Жолдо аны эс алган учурда жардам берип үч адам унаа менен коштоп келген.

Оболбек Осмонбеков чуркоо менен 2017-жылдан бери алектенип келет. Ал ультрамарафондорго ар кандай аралыкта катаышып келген. Учурдун максаты-жаштарды спортту сүйүүгө үндөп, сергек жашоого чакыруу.