Бир сутка ичинде 25 дарыгерден коронавирус аныкталды

10:25, 24 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде 25 дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалым болгондой, коронавируска чалдыккан дарыгерлердин көбү Бишкекте.

Бишкек шаарында-8, Чүй облусунда-5, Ош шаарында-5, Ош облусунда-4, Нарын облусунда-2, Талас облусунда-1 жаңы учур.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны-629га жетти, алардын ичинен 389у ооруканадан чыгарылды.