17:49, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Биринчи май райондук сот экс-президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 ай эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Өлкөнүн мурдакы президенти «Жемкорлук» беренеси боюнча Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугу үчүн күнөөлүү деп табылды.
Соттун өкүмү менен Алмазбек Атамбев төмөнкү мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды:
— II даражадагы «Манас» ордени (мамлекет башчысынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы жарлыгы менен ыйгарылган);
— «Данакер» ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган);
— «Даңк» төш белгиси (1999-жылдын 22-апрелинде сыйланган);
— Номиналдык саат (2011-жылдын 29-ноябрында тартууланган).
Булардан сырткары, соттун чечими менен Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү конфискацияланды:
— 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы;
— 1997-жылга таандык «Митсубиси Паджеро» автоунаасы;
— 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы;
— 1993-жылы чыккан «МАН» автоунаасы;
— 2011-жылы чыккан «BMW X- үлгүсүндөгү унаа;
— Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;
— Ысык-Көл районундагы курорттук жер тилкеси;
— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыты;
— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилкеси;
— Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак-дарактар;
— Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;
— Кой-Таш айылындагы дарылануу борбору;
— Арашан айылындагы турак жай;
— Арашан айылындагы отургузулган көп жылдык бак-дарактар;
— «Медиа Форум» ААК;
— Бишкектеги эки жер тилкеси;
— Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жайгашкан имараты;
— «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы;
— Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы толук бүтө элек обьектиси;
— Ысык-Көл районундагы толук бүтө элек обьектиси;
— Ысык-Көл районундагы жер тилкеси;
— «Апрель ТВ» ЖЧК;
— «Апрель» ЖЧК;
— «Канал Ди» ЖЧК;
— «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы;
— Арзандатуу ыйгарылган банктык ячейкалары жана банктардагы эсептик карточкалары: «Кыргызкоммерцбанк», " Кыргызстан Коммерциялык банкы «, «Оптима банк», «Кыргызстан-Швейцария банкы», «Капитал банк», «Аман банк», «АКБ Толубай», РСК Банк, Demir Bank, БТА банк, «Доскредо банк», «Экоисламик банк», «Евразия сактык банкы», » Азия Банк «, «Бакай банк», «Халык банк», Пакистандын Улуттук банкы, Кыпгыз инвестициялык банкы, Финанс кредит банк, Росинбанк, «Бай Түшүм » банкы, «Финка банк», «Чанг ан банк», «Компаньон» банкы.
Алмазбек Атамбаевдин жаза өтөө убакыты- абакта отурган бир күнү эки күн деп эсептелинет.