06:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жогорку Кеңештин чуулгандуу демилгесине «Сорос-Кыргызстан» уюму тынчсызданууда

«Сорос-Кыргызстан» фонду Жогорку Кеңеште каралып жаткан бейөкмөт уюмдардан каржылоо булактары жөнүндө отчетту талап кылган мыйзам долбоору жана депутат Гүлшат Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо» боюнча мыйзам долбооруна карата кайрылуу жасады.

Фонддун эксперттеринин айтымында, демилгелер отчет тапшыруу боюнча негизсиз талаптарды коюу менен коммерциялык эмес жана жарандык уюмдардын натыйжалуу ишине тоскоолдуктарды жаратууга багытталган.

Эксперттер ачык-айкындуулук жана отчеттуулук коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин ажырагыс бөлүгү экендигин баса белгилешти.

«Коммерциялык эмес уюмдар өлкөдөгү өзгөчө абал учурунда кризистин глобалдык жана жергиликтүү көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин эң натыйжалуу өнөктөшү экендигин, ошондой эле бир гана ресурстарды мобилизациялабастан калкка ачык эле турмуштук маанилүү кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүүлүгүн айгинеледи», — деп жазылат кайрылууда.

Сөз эркиндигин жана маалыматка жетүү укугун кыскартууга багытталган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдык демилге өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

Кайрылууда мындай аракеттер жарандардын конституциялык укуктарын түздөн-түз жана одоно бузуу болуп эсептелинери айтылат. Аны менен катар сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелердеги, макулдашуулардагы сөз эркиндиги менен камсыз кылбоо, негизги жарандык мыйзам катары карабоо болуп саналат.

«Бул мыйзам сөз эркиндигин чектөөдө. Коомчулуктун сөз эркиндигине бөгөт коюу жана цензураны киргизүү аракеттери социалдык жана саясий чыңалууну күчөтөт. Өлкөбүз үчүн оор кризистик мезгилде эпидемиянын өсүшүн басаңдатууга жана ден-соолукту чыңдоого, өзгөчө таптакыр абалда турган саламаттык сактоо тутумун колдоого, экономикабызды калыбына келтирүүгө аракет кылышыбыз керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Кризис учурунда жарандык коомду көзөмөлдөө боюнча күчөтүлгөн демилгелер жана сөз эркиндигине чектөө киргизүү-кырдаалды начарлатып, бийлик менен коомдун ортосундагы бекем мамилени солгундатат. «Сорос-Кыргызстан» фонду

Уюм кризис учурунда коом мурдагыдай эле тилектештикке, өз ара колдоого жана кирешеге муктаж экендигин баса белгилейт.

«Сорос-Кыргызстан» фонду Жогорку Кеңештин депутаттарына, жарандык коомду жана Кыргызстандын туруктуулугун, адилеттүүлүгүн, демократиялык өнүгүшүн колдоо иретинде бул карама-каршы келген мыйзамдык демилгелерди колдобоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар