Жалал-Абадда жер титирөө катталды

13:17, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда саат 10:05те күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, жер титирөөнү Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Үч-Булак жана Арсланбаб айылдарынын тургундары байкашкан.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.