17:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Иркештам» өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Иркештам» бекети 25-июндан 28-июнга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чек ара Кытайда күрүч майрамы белгиленгендиктен ал тараптын демилгеси менен жабылууда.

Иркештам өтмөк пунктунан жүк ташуучу унаалар 29-июндан тарта өтө башташат.

«Иркештам-автожол» өткөрүү пункту Кытай Эл Республикасынан товарларды Кыргызстанга өткөрүүнү камсыз кылган атайын алгоритмге ылайык 15-апрелден тарта иштеп баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар