10:27, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын үч тургунунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Алардын айтымында, Жалпы медициналык практика борборунун амбулатордук борбору жана муниципалдык базар дезинфекциялоо үчүн үч күнгө жабылган. Соода-сатык түйүндөрдүн жана дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөө киргизилген.
«Коронавирустун жайылуу коркунучунан улам зарылчылыгыңыздар болбосо үйдөн чыкпай турууга, коомдук жайларга барбоого, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрбөй турууга жана жеке коргонуу каражаттарын пайдаланууну суранам», — деп кошумчалады администрация.
Бир суткада 163 кишиден вирус аныкталды. Кыргызстан боюнча жалпы вирус жуктургандардын саны 3 миң 519га жетти.