Акыйкатчы институтунну кызматкери коронавирусту жуктуруп алды

10:10, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызгызстандын Акыйкатчы институтунун бөлүмдөрүнүн биринин башчысы коронавируска чалдыккан жана ал өзүн-өзү изоляциялоодо. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аппараттын кызматкерлери санитардык-гигиеналык жана коопсуздукту сактоо менен биргеликте иш алып барышууда. Айрым кызматкерлер үйлөрүнөн иштеп жатышат.

Мекеменин пресс-кызматы жарандар 115 ишеним телефонуна байланышка чыгып жана өлкөнүн почта бөлүмдөрүнө (Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 120, Акыйкатчы аппараты), ombudsman@inbox.ru электрондук почтасына же http://ombudsman.kg сайтындагы кабыл алуу бөлүмчөсү аркылуу кайрылса болорун кошумчалады.