COVID-19. Дагы 22 медкызматкерден вирус аныкталды

10:27, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында — 11, Чүй облусунда — 9, Ош шаарында — 2.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.