Өзгөндө 19 жаштагы бала селкинчектен кулап, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнин пресс-кызматы 24.kg агенттигине маалымдады.
Аынын айтымында, жаш жигит селкинчектти күүлөнткөндө кокустан кулап кеткен. Натыйжада алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган. Анын үй-бүлөсү соотук-медициналык экспертизадан баш тарштышты.
Милиция тергөө ишин жүргүзүп жатат. Эс алуу аймагынын ээсинин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет.