Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына 249 миң сом айып салынды

16:49, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына санитардык норманы жана тартипти сактабагандыктары үчүн 249 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 22-июнда 1 миң 137 транспортту санитардык текшерүүгө алышкан. Адистер унаалардын салонунун тазалыгын текшеришип, санитайзер, кол кап жана бет кап режимин сактоо боюнча айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«1-июндан тартып Мамлекетик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери айдоочуларга карата «150-айдоочунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча 132 протокол түзгөн, айып пулдун наркы 132 миңди түзөт. Ошондой эле, 293-берене боюнча дагы тогуз менчик жүк ташуучу компанияларынын жетекчилерине протокол түзүлгөн, айыптын суммасы 117 миңди түзөт», — деп айтылат маалыматта.