Ысык-Ата районунда 14 жаштагы бала көлмөгө чөгүп кеткен

10:42, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Ысык-Ата районунун Пионер көчөсүндөгү № 38 үйүнүн 14 жаштагы тургуну көлмөгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, окуя 21-июнда саат 16:30да болгон.

«Окуя болгон жайга ӨКМдин № 7 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, көлмөдөн өспүрүмдү алып чыгып туугандарына өткөрүп беришти», — деп берилет маалыматта.