10:35, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg
21-июнда болжол менен саат 09:50дө Сокулук районундагы Сокуклук айылынын Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу 102 кызматына маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы билдирди.
«102 кызматына маалымат келип түшкөндө ӨКМдин № 23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан. Аялдын жансыз денесин суудан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дейт ӨКМдин пресс-кызматы.