COVID-19. Коронавирустан дагы үч аял каза тапты

10:15, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Коронавирустан дагы үч аял каза тапты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк ооруканасында бир аял көз жумду.

«Дагы бирөө 1952-жылкы эркек киши Талас ооруканасында, 1960-жылкы аял Ноокен оорукасында кайтыш болду», — дейт ал.

Вирустан каза болгондордун саны 40ка жетти.