Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Болот Шер каза болду

09:21, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, мурдакы ички иштер министри Болот Шер 62 жашында каза болду.

Ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине инсульт болуп түшкөн. Ал кечээ өзүнө келбей көз жумду.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда төрөлгөн. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, ИИМди жетектеген.

«Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп, 2013-жылы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча депутаттык комиссияны жетектеген.