09:50
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чеченстандын президенти жеке самолету менен 81 жаштагы мекендешин алдырып алды

Чечен улутундагы Данга Битаев үй-бүлөсүн акыркы ирет 1961-жылы көргөн. Ал азыр 81 жашта. Кыргызстанда 10 жыл боюу свети жок вагондо күн кечирген, андан соң карылар үйүнө которулган. Бүгүн Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров 81 жаштагы Данга Битаев самолет жөнөтүп өлкөсүнө алдырып алды. Ал карыянын ден-соолук коопсуздугун алдын алуу иретинде атайын дарыгерлерди да жөнөткөн. Бул тууралуу коомдук ишкер, алып баруучу Ассоль Молдокматова жеке баракчасына бөлүштү.

Бул карыянын аялуу окуясын Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Ассоль Молдокматова аркылуу билип, ага видео-чалуу аркылуу байланышка чыккан.

Ассоль Молдокматова карылар үйүнө баргандыгын жана алардын ичинде 81 жаштагы Данга Битаев деген аксакал 59 жылдан бери үй-бүлөсүн көрө элегин айтып, Чеченстанга кайтуу анын кыялы экенин жазган.

Көп өтпөй өлкө башчы Рамзан Кадыров бул маалыматты өзүнүн жеке баракчасына бөлүшкөн.

«Бул тууралуу кеч билгенибиз өкүнүчтүү. Чечендиктер үчүн ата-энелерин жана карыяларды кароосуз калтыруу уят. Биз ата-энелерибизге өмүр бою карызбыз жана эң негизги милдетибиз аларга кам көрүү. Мен өзүмдү өлкөмөн, үйүмөн, жакындарыман алыс жүргөнүмдү элестете албайм. Ошондуктан алыста Ата-Мекенине кайтып келе албай жүргөн атага кол куушуруп отура алган жокмун. Анын үстүнө аксакалга», — деп жазат Рамзан Кадыров.

Данга Битаевди менен бирге Чеченстанга коомдук ишмер Асол Молдокматова жана анын командасы барышты. Сапардын жүрүшүндө Данга Битаев жана Асол Молдокматова Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен жолугушат.

Маалым болгондой, Данга Битаевди балдары жана неберелери чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Уулу атасын 24 жылдан бери ар кайсы өлкөлөрдүн архивдеринен издеген бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Чеченстанга учуу алдында Данга Битаев Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргыз элине рахмат, мени кыйын күндөрдө таштап кеткен жоксуңар. Мына үйүмө кайтып жатам. Аябай толкунданып жатам», — дейт Данга Битаев.

Эң көп окулган жаңылыктар