12:31, 19 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Үй-бүлөлүк зомбулукту жок кылуу үчүн балдарды тарбиядан баштоо керек. Бул тууралуу «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу үчүн жазалоо ыкмасы жетишсиз, биз балдарыбызга жеткиликтүү тарбия беришибиз керек», — дейт Алмазбек Орозалиев.
Ал үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатса кошуналары аралашпоого аракет кылышаарын кошумчалады.
«Эгер ыйлабаса, кыйкырбаса, кошуналары маани бербейт, чалбайт дагы», — дейт ал.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук тизмесинде жалпы 4 миң 450 адам бар.