Бир сутка ичинде 28 адам коронавирустан айыкты

10:12, 19 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 28 адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында-7, Чүй облусунда-8, Ош шаарында-5, Ош облусунда-4, Нарын облусунда-4 адам.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча жалпы 1 миң 961 адам ооруканадан чыгарылды.